Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жараны 11 жаштагы окуучу кызга сексуалдык аракет жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя Санкт-Петербургдагы Дальневосточный проспектисинде жайгашкан 15 кабаттуу үйдүн лифтинде болгон. Анда Кыргыз жараны окуучу кызга лифттен сексуалдык аракет жасаган деп шектелип жатат. Кыздын апасы полицияга арыз жазгандан кийин кылмыш иши козголгон.
Шектүү 2019-жылы Орусияга иштегени келип, миграциялык каттоого туруп, бирок эки жарым жылдан кийин расмий жумушу жок жүргөндүгү аныкталган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.