Бишкектеги аз камсыз болгон 4356 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыз болот. Бул тууралуу Кыргыз
Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына Бишкек
шаарынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан кабарлаган.
Маалыматка
караганда, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жыл сайын шаар казынасынан акча бөлүнөт.
Быйылкы
2013-2014-жылдагы кышкы сезонго карата жылуулук берүү үчүн Бишкек шаарынын
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 18 377 миң сом берүү пландалган.