Өкмөт жылуулук берүү сезону үчүн Кыргызстан боюнча 1,9 миллион тонна көмүр даярдашы керек

Өкмөт жылуулук берүү сезону үчүн Кыргызстан боюнча 1 миллион 985,5 миң тонна көмүр даярдашы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 27-ноябрдагы маалымат жыйынында берген материалдарында көрсөтүлгөн. 

Анын ичинде Бишкек ЖЭБи үчүн 850 миң тонна, казыналык уюмдарга 223,3 миң тонна жана калк үчүн 912,5 миң тонна көмүр даярдалышы керек. 2013-жылдын 18-ноябрына карата өлкө боюнча 1 миллион 387,02 миң тонна, тактап айтканда, көмүрдүн 67 пайызы даярдалган. 

Калк үчүн план боюнча 600,07 миң тонна көмүр даярдалышы керек болсо, учурда 824,35 миң тонна көмүр даярдалып, план 137,4  пайызга аткарылган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан