Жогорку Кеңеште депутаттар Жылдыз Жолдошова менен Асия Сасыкбаеванын ортосунда пикир келишпестик чыкты. Жолдошова 2010-жылдагы Июнь окуясына “Интербилим” уюмунун тиешеси бар деп айтып, анын жетекчиси Асия Сасыкбаеваны сындады. Асия Сасыкбаева жалган маалымат айтканы үчүн Жолдошовага жооп кайтарып, “Ысык-Көлдөгү ээлеп алган жерлериңди элге кайтарып бер, менин да айтчу сөзүм көп. Бирок коомчулуктун алдында айтуу ыңгайсыз болуп жатат”,- деди.
Өз учурунда Жолдошова КРнын Конституциясынын өзбек тилине которулганына асылды эле, депутат Өмүрбек Текебаев жообун берди.“Конституция өзбекче жазылды деп жатасыңар. Парламенттик шайлоодо: “Ата Журт” партиясы өзбекче гезит чыгарып, өзбек махаллаларга барып бийледиңер го. Жалганбы? Мына азыр деле Мелис Мырзакматов өзбек тилинде гезит, телеканалдар менен иш жүргүзүп жатат. Мунун эмнеси жаман?”- деди Текебаев. Жолдошова бул маалыматка жооп кайтара алган жок.
Ош окуясын чагымчылдар жасаганын, бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому бар экенин эске салды депутат Текебаев.