Турсунбай Бакир уулу “бей-өкмөт уюмдар мамлекеттик саясатка кийлигишпей, уставдын негизинде гана иштешсин” деди

“Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик сырды тараткандарга 1937-жылдагыдай катуу жазаны колдонууну көздөбөйт”,- деди ЖКнын 27-ноябрдагы жыйынында УКМКнын төрагасынын орун басары Аман Мамбетсейитов. Айта кетсек, жыйында “КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, 2-окууда добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоор мамлекеттик сырларды тараткандардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.

Мамбетсейитов “Мыйзам долбоорунун маңызын көпчүлүк туура эмес түшүнүп, баары тегиз жоопко тартылып баштайт экен дешүүдө. Андай болбойт”,- десе, депутат Турсунбай Бакир уулу:“Долбоордо бей-өкмөт уюмдар тууралуу бир да сөз жок. Бей-өкмөт уюмдар көбөйсүн, бирок уставдын негизинде гана иштесин. Эгер мамлекеттик иштерге кийлигише берсе, анда партия болуп алышсын”,- деди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан