Социалдык тармактарда Бишкек мэриясы окуучуларды Жеңиш парадына катышууга милдеттендирип жатат деген маалыматтар тарады. Бул боюнча мэриядан комментарий беришти.
Ага ылайык, билим берүү башкармалыгынын майрамга карата ачык сабак өткөрүү боюнча планы чыкты. Ал эми окуучулардын парадга катышуусу пландалган жок.
Бишкек шаардык мэриясы жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.