2013-жылы Бишкек шаарындагы 45 чакырым жолду оңдоп-түзөө пландалган. Учурда 40 чакырым жол оңдоп-түзөлүп ишке берилди. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Алтын-Ордо жаңы конушундагы көпүрөнүн ачылыш аземинде билдирди.
“Бишкек шаарында эч качан мындай болгон эмес. Жакында шаарды айланып өтүүчү жолду толук ачабыз. Ал жакка 14 чакырым жаңы жол салдык. Туурасы 14-24 метр. Кийинки жылы да шаардын бир катар жолдорун оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү пландап жатабыз. Акча толук бөлүнсө, алар да бүтөт”,- деди Иса Өмүркулов.