Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева депутаттарды этиканы сактоого чакырды. “Жыйындарда, айрыкча залда студенттер жана окуучулар отурганда эмоцияга алдырбасак. Мына, бүгүнкү жыйында отурган окуучулар коркконунан сыртка чыгып кетишти окшойт”,- деди Алтыбаева.
Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйынга мектеп окуучулары катышып жаткан. Депутат Жылдыз Жолдошованын сөзүнөн кийин башталган айтышуу учурунда аларды уюштуруучулар залдан чыгарышты.