Бишкекте бүгүн, 27-ноябрда борбордун мурдагы мэри Нариман
Түлеевдин иши боюнча соттук отурум улантылды. Соттолуучулардын адвокаты Данияр
Токтоматов жакындарынын бири каза тапкандыгына байланыштуу соттук отурумду
жылдырууну суранды. Соттор коллегиясы адвокаттын өтүнүчүн канааттандырды. Мындан сырткары Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын департаменти
үчүн документтер даяр эместигинен соттук процесске соттолуучуларды, анын ичинде
Түлеевди да алып келбегендигин маалымдашты. Ошондой эле сотко адвокат Дмитрий
Лубинцов да келген эмес. Мындан улам соттук отурум 3-декабрга жылдырылды.
Эске салсак, 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди
мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Ал коррупциялык
иштерде айыптуу деп табылды. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5
жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.