Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кыргызгаз” ишканасын сатуу боюнча Кыргыз-орус өкмөттөрү ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселеси карала башталды. Мыйзам долбоору боюнча энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев баяндама жасоодо. Айта кетсек, “Кыргызгазды” орусиялык “Газпром” компаниясы 1 долларга ишкананын бардык карыздары менен кошо сатып алганы жатат. Белгилүү болгондой, “Кыргызгаздын” жалпы карызы 2 миллиард долларга жакын.