Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ленинград блокадасынын ардагерлери, Коргоо министрлигинин жана Улуттук гвардиянын өкүлдөрү, депутаттар, калаанын вице-мэрлери, мектеп окуучулары жана башкалар катышты.
Баатырдын жана бардык курман болгон жоокерлердин элесине бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, ардактуу кароолдун ротасы үч жолу мылтыктан салют аттырды. Митинг-реквиемдин соңунда катышуучулар эстеликке гүл коюшту.
Чолпонбай Түлөбердиевдин тууралуу маалымат
шилтемеде.