Тайырбек Сарпашев: “Кыргызстанда мамлекеттик ишканалардын көбү банкрот деген туура эмес”

Кыргызстанда ишканалардын көбү банкрот деген туура эмес, учурда 50дөй мамлекеттик ишкана иштеп жатат. Муну парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев айтты. “Манас” Эл аралык аэропорту, “Электр станциялары”, “Кыргызмунайгаз” сыяктуу ишканалар ийгиликтүү эле иштеп жатышат”,- деди ал. 

Айрым депутаттар “Кыргызтелеком”, “Кыргызкөмүр” жана башка ишканалардын карызын айтып, банкрот экенин айтты эле, Сарпашев муну четке какты. “Ал ишканалар банкрот эмес, бирок карыздары көп”,- деди вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан