Биз социалдык тармакта

Баткен облусунун башчысы Жаңы-Жер айылында түнөп, чек ара аймактарындагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Жаштык айылынын эли менен жолугушуп, Орозо айынын урматына өткөрүлгөн ооз ачууга катышты.
Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан белгилешкендей, аталган саамалыкта облус башчысы чек ара аймагынын элинин көйгөйүн жеринде угуп, суроолоруна жооп берди.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар менен биргеликте ыйык Орозо айында өлкөнүн, анын ичинде Баткен облусунун тынчтыгы, өсүп өнүгүүсү үчүн дуба кылышты.
Белгилей кетсек, облус башчысы Абдикарим Алимбаев бүгүн Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында түнөп, чек ара аймактарындагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан