Кажы-Сай айылдык кеңешин шайлоо 2014-жылдын 26-январына белгиленди

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2014-жылдын 26-январына белгиленди. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.
Депутаттардын ишмердүүлүк мөөнөтүнүн соңуна чыккандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында көрсөтүлгөн 64-берененин1-бөлүмүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо” тууралуу мыйзамына ылайык, Кажы-Сай айылдык кеңешин шайлоо 2014-жылдын 26-январында, жекшемби күнү өтө турган болду.
Президент шайлоону уюштурууну жана өткөрүүнү Борбордук шайлоо комиссиясына, каржылоо менен коомдук тартипти сактоону өкмөткө тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан