Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгаз” ишканасын сатуу маселеси каралууда. Депутат Кожобек Рыспаев кыргыз тарап макулдашууну ратификациялоону кечиктире берсе, Орусия келишимден баш тартышы мүмкүн экенин айтты.
“Чириген газ түтүктөрүбүздү кызганып, бул маселени саясатташтырып жатабыз. Туура, тактай турган учурлары бар. Эгер “Кыргызгаз” Орусияга сатылса, кийин Түркмөнстан Орусиядан да арзан газ бере турган болсо, алар менен келишим түзө алабызбы?”- деп Рыспаев “Кыргызгаздын” башчысына кайрылды. Буга “Кыргызгаз” ишканасынын директору Тургунбек Кулмурзаев: “Башка өлкө арзан баада газ беребиз десе, алар менен да келишим түзө берсек болот. Бул жаатта эч кандай суроо жаралбайт”,- деп жооп берди.