Депутат Камила Талиева аутист балдардын билим алуусу үчүн атайын программа иштеп чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Камила Талиева билим берүү тармагына тиешелүү көйгөйлөргө токтолду. “Аутизм менен алышкан балдардын билим алуусу үчүн атайын программа иштеп чыгып, аларга колдоо көрсөтүүбүз кажет. Анткени аларды кароо ата-энелерине гана жүктөлүп, мамлекет тарабынан тийиштүү колдоо болбой жатат”, – деди ал.