"Кыргызгаз” ишканасын карызга батырган жетекчилерге кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. Муну парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. “Күнөөлүү адамдар керт башы менен жооп беришет”,- дейт министр. Жыйында “Кыргызгаздын” карызы 49 миллион доллар экени айтылды.