Бүгүн, 27-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын ыйгарымдуу
элчиси Ци Даюяны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан
маалымдашат.
Жолугушууда Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы эки тараптуу
кызматташууларды өркүндөтүү, 2013-жылдын сентябрь айында Кытай Эл
Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган иш сапарынын
натыйжасында түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу тууралуу маселе козголду.