Бишкекте бүгүн, 27-ноябрдагы маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору мекеменин аткарган иштери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, социалдык объектилердин курулушу үчүн быйыл 7 миллион 155 миң сом бөлүнгөн. “Капиталдык салым” программасынын алкагында 2013-жылы 69 объектти ишке берүү пландалган. Анын ичинде 48 билим берүү, 11 саламаттыкты сактоо, 5 турак жай, 1 бала бакча жана башка дагы 4 объект бар. Бүгүнкү күндө 52 социалдык курулуш бүткөн. Жыл аягына чейин дагы 17 объектти бүтүрүү пландалууда.