Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова:“Өмүрбек Текебаев мени каматып жиберем деп коркутпасын, мен коркпойм”,- деди.
“Ал мени каматам деп айтты, мен эч качан коркпойм. Кылган мыйзамсыз иштери үчүн Текебаев камалып гана эмес, керек болсо атылат! Кырдаал ушул бойдон эле турбайт, ага да мезгил келет. Асия Сасыкбаева айткандай, мени Ысык-Көлдөн мыйзамсыз жер ээлеп алды деген сөз жалган, ал эми 48 миллион сом менин акчам эмес, ал “Курманжан датка” коомдук фондунун акчасы”,- деди Жолдошова.