Айдоочулар айып пулду банк терминалдары аркылуу төлөсө болот

Мындан ары жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду банк терминалдары аркылуу төлөсө болот. Мындай маалыматты бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйынында ИИМдин Жол көзөмөлдөө кызматынын административдик тажрыйба бөлүмүнүн башчысы Олег Морозов журналисттерге билдирди.
“Бул иш Жол көзөмөлдөө кызматынын ишин оптималдаштырып, коррупцияга каршы күрөшүү максатында уюштурулган. Мындан ары жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулду почта түйүндөрүнөн эмес, банк терминалдарынан төлөп, дүмүрчөк ала алышат. Аны Жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлерине көрсөтүп, документтерин алышса болот”,- деди ал өз сөзүндө. 
Мындай мүмкүнчүлүк “Оптима Банк” менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ишке ашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан