Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Равшан Жээнбеков “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаевден:“Акаевдин убагында азыркы кызматыңызда иштегенсиз. “Кыргызгаздын” карызга батышына күнөөм бар деп ойлойсузбу?”,- деп сурады. Буга Кулмурзаев макул эмес. “Ооба, Акаевдин тушунда 1 жыл 8 ай иштегем. Бирок кийин иштен алып коюшкан, менин карыз боюнча күнөөм жок”,- деди.
Р.Жээнбековдун “Акаевдин тушунда канча кино тарттыңыз?” деген суроосуна Кулмурзаев “мен эч кандай кино тарткан эмесмин” деп жооп берди. Депутат “билбесеңиз, мен жакында таап берем, сиз кайсы кинолорго демөөрчүлүк кылганыңызды” деди.