"Акылдуу" эсептегичтер Бишкектин 7 районунда орнотулуп жатат

Бишкекте 27-ноябрдагы маалымат жыйынында “Түндүк электр” ААКынын директору Кубанычбек Турдубаев "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу линиялардын абалынын начардыгынан жана электр энергиядагы көп жоготуулардан келип чыкканын билдирди. 

Анын айтымында, учурда эсептегичтер Ак-Өргөө, Чоң-Арык, Ынтымак, Арча-Бешик, Кызыл-Аскер, Киргизия-1 жана Кузнечная крепость райондоруна орнотулууда. Бүгүнкү күндө 7060 эсептегич орнотулган. Жыл аягына чейин Бишкекте 10 миң "акылдуу" эсептегич коюлат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан