Парламентте бүгүн, 27-ноябрда “Кыргызгаздын” сатылышы боюнча маселе талкууланып жатат. Депутат Бөдөш Мамырова Орусия газды Кыргызстанга коңшу Өзбекстандан алса, анда эмне үчүн азыркыдан арзан баада сатарына кызыкты. “Азыр деле Өзбекстандан газ алып жатабыз. Эмне үчүн Орусия алса, бизге арзан берет? Бул жерде эмне сыр бар?”- деп сурады ал.
“Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев эч кандай сыр жок экенин айтты. “Өзбекстанда Орусиянын 4 компаниясынын филиалы иштейт, алардын бири “Газпром”. Орусия бизге Өзбекстанда өзү өндүргөн газды гана сатат”,- деди.
Айта кетсек, аталган ишкананы Орусияга 2 миллиард сомдой карызы менен 1 долларга сатуу маселеси каралууда.