“Ош шейиттери” коомдук фондунун төрайымы Тургунайым Айтиева камакка алынды

Кечээ, 26-ноябрда кечки саат 19:30дар чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан «Ош шейиттери» коомдук бирикмесинин төрайымы Тургунайым Айтиева камакка алынды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесине ылайык 48 саатка убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Буга чейин анын үстүнөн коомдун мүчөлөрүнөн жана жөнөкөй атуулдардан бир нече арыздар түшүп, арыздануучулардын жана бул айымдын өз ара келишиминин негизинде иш жабылып келген. Азыр болсо бул аялдын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (денеге анча оор эмес залал келтирүү) негизинде иш козголгон. Арыздануучунун арызында Тургунайым Айтиева аны эч себепсиз уруп, денесине залал келтиргендиги жазылганын Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан