Володимир Зеленський Орусия менен чечүүчү салгылашуу кайсы жерде болорун айтты

Орусия менен чечүүчү салгылашуулар Донбасста болот. Бул тууралуу Украинанын президенти Володимир Зеленський кезектеги кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, бул аймакта Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн эң оор кырдаал түзүлгөн, бирок Украинанын эң күчтүү бөлүктөрү дагы ошол жерде топтолгон.

"Бул жер согуштун жүрүшүнө таасир эте турган бүгүнкү эскалациянын борбору", - деди украин лидери.

Зеленський Донбасста учурда Украинанын 44 миң аскер кызматкери бар экенин билдирди.

Украинадагы кырдаал башталар алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Киев Донецк менен Луганскка 53 миң аскер жана 2 миңдей оор техника койгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан