Кытай АКШдан Тайвань менен бардык расмий байланыштарды токтотууну талап кылды

Кытай АКШдан Тайвань менен бардык расмий байланыштарды токтотууну талап кылды. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь брифингде айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"АКШ Тайвань менен бардык расмий мамилелерин токтотушу керек", - деген дипломат. АКШнын аракеттери "бирдиктүү Кытай" принцибине жана Кытай-Американын биргелешкен коммюникисиндеги үч принципке каршы келерин белгилеген.

Буга чейин Тайвандын борбордук маалымат агенттиги (СNA) АКШ сенатынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Роберт Менендес башында турган конгрессмендер тобу бейшембиде Тайванга жарыяланбаган сапар менен баргандыгын жазган.
АКШдан келген делегация жума күнү аралдын администрация башчысы Цай Инвэнь менен жолугуп, "АКШнын Тайвань менен өз ара мамилеси, кытай кооптуулугу, аймактык коопсуздук" маселелери жаатында пикир алышарын билдирген. Ошондой эле Тайвандын коргоо министри Цю Гочжэнге жолугарын жазган. Конгрессчилердин сапарына жооп кылып Кытайдын куралдуу күчтөрү жума күнү аталган аймакта аскердик машыгууларды жүргүзө тургандыгы Кытайдын Элдик-бошотуучулар армиясынын Чыгыш зонасынын аскердик командачылыгынын билдирүүсүндө айтылган.
Буга чейин аралдын коргоо министри Цю Гочжэн эгерде Кытай менен Тайвандын ортосунда согуш чыкса, кимдин жеңе тургандыгына карабай эки тарап үчүн трагедия менен аяктаарын жар салган. Ал "согушту эч ким каалабайт" деген.
Аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Кытай Тайвандын тынчтык менен биригүүсүн, бирок эч качан анын "эркиндигине" жол бербестигин айткан. Аткаминер "дүйнөдө бир гана Кытай бар экенин", Тайвань ажырагыс бөлүгү болорун, ал эми Тайвань кысыгынын эки жээгиндеги мекендештер "кандаш бир туугандар" экенин айтып, тарыхы бир деген пикирин билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан