Жогорку Кеңеште бүгүн, 27-ноябрда ички иштер органдарынын кызматкерлерин республикалык бюджеттен каржылоону жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Тактап айтканда, “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушталууда.
Тармактык комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоевдин айтымында, ушул эле мыйзам долбоору аркылуу ички иштер органдарынын ишин жөнгө сала турган мыйзамдын айрым жоболору “КРнын бюджетинин негизги принциптери жөнүндө” мыйзам талаптарына да шайкеш келтирилүүдө.