Токон Мамытов менен Улуу Британиянын КРдагы элчиси Ооганстандагы кырдаалды талкуулады

Вице-премьер-министр Токон Мамытов бүгүн, 27-ноябрда Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Маргарет Фарнворт менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда Мамытов өкмөттүн адам укуктары, сот системин жана укук коргоо органдарын реформалоонун жүрүшү боюнча маалымат берди.  

“Укук коргоо органдарын реформалоону баштадык. Алдыда дагы көп иштер бар, чет элдик адистердин жардамын кабыл алууга даярбыз. Бизге ар бир эксперттин көз карашы маанилүү”,- деди Мамытов.  

Элчи, Кыргызстанда Улуу Британиянын  элчилигинин ачылышынын башкы максаты – Кыргызстандагы демократиялык процесстерди колдоо экенин айтты. “Күч түзүмдөрү жана сот адилеттүүлүгүн орнотуу жаатында мамилелердин динамикалуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз”, -деди элчи.  

Тараптар Ооганстандагы кырдаал боюнча да сүйлөштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан