Биз социалдык тармакта

Бакыт Төрөбаев баштаган жумушчу топ "Боролдой" суу сактагычынын курулуш иштери менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы курулуп жаткан "Боролдой" суу сактагычынын иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, төраганын орун басары, тиешелүү министрликтер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ суу сактагычтан тышкары экинчи айланма Чүй каналынын жана "Шамшы" декадалык жөнгө салуу бассейнинин да курулуш иштеринен кабар алды. Ошондой эле сугат жана ирригацияга байланышкан маселелер жеринде талкууланып, жаралган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмалары берилди.

Белгилей кетсек, "Боролдой" суу сактагычы Кемин районундагы Чүй жана Кемин дарыяларынын бириккен жерине курулууда. Анын көлөмү 32 миллион куб метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан