Орозо айтка карата Бишкектеги эски аянт оңдолуп жатат. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал 2-майда айт намазы окуларын билдирди. Мындан улам асфальт жаңыланып, айланасы иреттелип жатат.
Эске салсак, эки жылдан бери айт намазы окула элек.