Кыргыз-Казак чек арасынын "Ак-Тилек" постунда кезек күткөн айдоочулар ысык тамак менен камсыздалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Болжол менен 360 оор жүк ташуучу унаанын 420 айдоочусуна ысык тамак берилди. Ар бир чатыр ашканага керектүү жабдыктар менен жабдылган.