Бишкекте бүгүн, 27-ноябрдагы маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын бажы башкармалыгын уюштуруу иштери боюнча жетекчи Мукай Кадыркулов “10 ай ичинде 13 бажыканачы коррупцияга байланыштуу иштер боюнча кызматтан алынды” деп билдирди.
Анын айтымында, мекемеден жалпысынан 10 ай ичинде 110 кызматкер иштен бошотулган. “Алардын 17си өз каалоосу менен, мекемеде иштөө убактысы бүткөндөр – 64, жаш өзгөчөлүгү боюнча – 10, каза болгондугуна байланыштуу 2 жана башка жумушка которулгандыгынан улам – 2 адам кызматтан бошотулган”,- деди Кадыркулов.
Мындан сырткары мекемеде коррупцияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.