Өлкө боюнча коронавирустан 27 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ал эми амбулатордук дарыланууда 40 бейтап бар.
Стационарда дарыланып жаткан 27 бейтаптардын ичинен 18и (66,6 пайызы) орто оор абалда, 6сы (22,2 пайызы) оор абалда жана 3ү (11,1 пайызы) өтө оор абалда.