Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Студенттерди чет өлкөгө окууга жиберүү боюнча мыйзам Кыргыз-Түрк "Манас", "Ататүрк Ала-Тоо", Кыргыз-Орус Славян университеттеринен башка окуу жайларда каралганбы? Учурда чет өлкөдө кыргызстандык канча студент окуйт?
Суроо калтырган jika.0993
Жооп: - Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын келишими болот. Ошол келишимдин негизинде окуу жайларга чет өлкөлүк жарандарды кабыл алышат жана жөнөтө алышат. Азыркы учурда КРнын жогорку окуу жайларында 2013-2014-окуу жылына карата чет өлкөлүк студенттердин саны такталууда. Ал эми 2013-жылдын 1-кварталындагы маалымат боюнча, чет өлкөлүк студенттердин саны 7768 түзөт.
Суроого Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери Нурия Кийизбаева жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.