“Кыргызгаз” Орусияга сатылса, газдын 1000 метр кубун 200 доллардын тегерегиндеги баага сатып алуу пландалууда. Муну парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев айтты. “Газдын баасы азыркыдан бир топ арзан болот, аны кыргыз тарап чечет”,- деди ал.
Эскерте кетсек, учурда Кыргызстан жаратылыш газынын 1000 метр кубун Казакстандан 224 доллардан, Өзбекстандан 290 доллардан алат.