Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Коргоо министрлигине кантип жумушка орношсо болот? Сөзсүз аскер кызматын өтөө керекпи?
Суроо калтырган Compact
Жооп: - Коргоо министрлигинде аскер кызматынын 3 түрү бар. 1. Офицердик курамдагы аскер кызматы. Бул курамда кызмат өтөөнү каалагандардын жогорку аскердик же жарандык билими болуусу зарыл. 2. Контракттык негиздеги аскер кызматы. Контракттык негизде кызмат өтөөнү каалагандарга анык аскердик кызмат өтөөсү талап кылынат. Жашы 40 жаштан ашпашы керек. Эгер жаран контракттык негизде кызмат өтөөнү кааласа, жашаган жери боюнча аскер комиссариатына же аскердик бөлүктөрдүн кадрдык органдарына арыз бериши керек. 3. Анык аскердик кызмат, мөөнөтү 1 жыл. Бул кызматка 18 жаштан 25 жашка чейинки уландар «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына ылайык кабыл алынат.
Суроого Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.