Москвада батирден бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн жансыз денелери табылды

Орусиянын Москва шаарында "Газпромбанктын" мурдагы вице-президенти Владислав Аваев, жубайы жана жашы жете элек кызынын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмаларда жазылууда.

Маалыматта жазылгандай, каза болгондордун баары октон жараат алышкан. Алардын жансыз денелери батирден табылган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, Аваев жубайын жана кызын өлтүрүп, аягында өз жанын кыйган болушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми "ТАСС" басылмасынын өздүк булактарына таянсак, окуянын себеби үй-бүлөлүк жаңжал болушу мүмкүн.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан