2013-жылдын 29-ноябрында Санкт-Петербургда өтө турган көз карандысыз
мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн парламенттер аралык
ассамблеясынын жыйынында Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков Чыңгыз
Айтматов атындагы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген
өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын сыйлыгын тапшырат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз
кызматы маалымдайт.
30 миң доллар өлчөмүндөгү аталган сыйлыкты тапшыруу сунушу 2012-жылдын
ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан сунушталып, Көз
карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн парламенттер аралык
ассамблеясынын кеңешинин токтомунун негизинде тапшырыла турган болгон.
Бул сыйлык маданиятта, агартуу тармагында, адабиятта, искусстводо, маданий
мурастарды иликтөөдө жана сактоодо, тынчтык менен достукту бекемдөөдө,
мамлекеттер ортосундагы рухий байланыштарды өнүктүрүүдө мыкты жетишкендиктерди
көрсөткөн инсандарга тапшырылып, КМШ ПААга кирген өлкөлөр арасында эң абройлуу
сыйлык болуп эсептелет.
"Аталган сыйлыкка КМШ ПААга кирген мүчө мамлекеттердин бирден талапкери
сунушталат. Сыйлыктын лауреаты бир жылда бир гана адам болушу мүмкүн" делет
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы берген маалыматта.
Эске сала кетсек, Асылбек Жээнбеков баш болгон Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин делегациясы 2013-жылдын 27-29-ноябрь күндөрү Санкт-Петербург
шаарында өтүп жаткан КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын, Евразия
экономикалык шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим
уюмунун парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышууда.