Кабулдун батыш тарабындагы мектептин аймагында жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-апрелде жардыруудан алты адам каза таап, ондогон адам жаракат алган. Талибан кыймылынын өкүлдөрү азырынча жардыруулар тууралуу маалыматка комментарий бере элек.
Кийинчерээк ушундай эле жардыруу Кабулдун батышындагы Рахим Шахид атындагы мектепте болгондугу белгилүү болгон.