Биз социалдык тармакта

"Шамбала" Аргентинада өткөн эл аралык кинофестивалда мыкты тасма аталды

"Шамбала" тасмасы Аргентинада өткөн эл аралык кинофестивалда мыкты фильм аталды. Бул тууралуу фильмдин режиссёру Артыкпай Сүйүндүков SUPER.KG порталына маалымдады.

Маалыматка ылайык, Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Аргентинада өткөн Санта-Крус эл аралык кинофестивалда мыкты тасма болуп табылган.

Белгилей кетсек, "Шамбала" тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" киносыйлыгын жеңип алган. "Оскар" киносыйлыгына да көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган тасма эл аралык 29 сыйлыкка ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан