Ош. Шаарда Навои-Тилеке баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен Манастын эстелигине чейин жол салынат

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов Тилеке баатыр көчөсүнүн узартылуусу менен таанышып чыкты. Мындан сырткары вице-мэрлер жана мекемелердин жетекчилери менен Кара-Суу көчөсүн улантуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Шаар башчы 29 объектилерди жарым-жартылай же толугу менен бузуу иштерин тездетүүсүнө тапшырма берди. Бардык жашоочуларга тарткан зыяндын ордун толуктоого каражат төлөнүп, Ош шаарынын аймагынан жер тилкелери бөлүнүп берилмей болду. Бузулган үйлөрдүн ордуна Кара-Суу көчөсү курулуп, Манастын эстелигине чейин улантылмакчы. Ошондой эле калаа башчы базардагы соодагерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында сатуучулар борбордук көчөдө соода-сатык жүргүзбөөгө убадаларын беришти. Сүйлөшүү учурунда шаар башчы 1-орунда тазалыкка көңүл буруусун талап кылды. Мындан сырткары жалпы сатуучуларга кийинки жылы базардын Жапалак айылына көчүүсү тууралуу маалымдап, учурда 47 гектар жер даярдалып жаткандыгы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан