Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматына кинолог
адистери жетишпей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрдагы маалымат жыйынында аталган
мекеменин төрагасынын орун басары Жеңишбек Исаков билдирди.
"Баңгизаттарын мыйзамсыз ташууга каршы
күрөш жүргүзүүдө бажы чек арасы аркылуу аларды ташып өткөн учурда жүктү жана
жеке тараптарды текшерүү үчүн атайын үйрөтүлгөн кызматтык иттери бар
инспектор-кинологдор иштейт. Бирок, учурда бизде кинологдор жетишсиз болууда.
Биз бүгүнкү күндө ар бир бажы органында алардын санын көбөйтүүнү жана
инспектор-кинолог деген кызматты киргизүүнү пландап жатабыз",- деди Исаков.