Жогорку Кеңеште “Кыргызгазды” сатуу маселесине добуш берүү алдында “Ата Мекен” фракциясы 15 мүнөттүк танапис сурады. Учурда танапис. Аталган маселе кызуу талаш-тартыш жаратууда. Көпчүлүк депутаттар келишимде кемчиликтер көп экенин айтышты. Ошондой эле бул маселени башка күнгө жылдыруу сунушу да түштү. Бирок биринчи окууда маселеге добуш берилмей болду.