Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев январь окуяларынан бери биринчи жолу өлкө ичиндеги иш-чаралардын бирине катышты. Бул тууралуу Назарбаевдин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Назарбаевдин "Биринчи президент музейинде" уюштурулган "Менин Казакстаным - менин жерим" аттуу жаш балдардын көргөзмөсүнө барып, жаш сүрөтчүлөр менен баарлашканы гана айтылган. Сайттан Назарбаевдин өспүрүмдөр менен түшкөн бир нече сүрөтүн табууга болот. Бирок иш-чарадан эч кандай видео жарыяланган эмес.
Назарбаев январь айындагы окуядан бери Казакстанда элдин алдына чыга элек болчу. Бирок жыйындарга онлайн форматта катышып, видео кайрылууларды гана жарыялап келген. Андан тышкары Назарбаев 9-мартта Анталиядагы дипломатиялык форумга катышкан.
Расмий маалымат боюнча кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакын адамдарынын көбү кызматтан кеткен. Учурда Назарбаевдин маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды жана мурунку кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген.