Диетолог банандын укмуштуудай касиеттери жана адамдын иммундук системасынын абалына тийгизген таасирин атады

Банан адамдын иммундук системасын олуттуу түрдө бекемдеп, узак мөөнөттүү ден соолукту сактоого жардам берет. Бул тууралуу америкалык диетолог чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.
Төмөндө эксперт банандын укмуштуудай касиеттери жана адамдын иммундук системасынын абалына тийгизген таасирин атады:
  • Банан сасык тумоого кабылуу мүмкүнчүлүгүн азайтат
  • Банан ичеги рагынын өсүшүн азайтат
  • Банан машыгуудан кийин күч-кубат берип, иммундук системаны бекемдейт
  • Банан операциядан кийинки ооруну басаңдатат
  • Банан ичеги карындын саламаттыгын жакшыртат.

Ал организмдеги углеводдорду калыбына келтирип, жеңил азык катары колдонулат. Банандын дагы бир өзгөчөлүгү ичеги карында пайда боло турган ар кандай жаралардын алдын алат.

Муну менен бирге организмдеги кычкылданууну жөнгө салып, ашказан ооруларынан сактайт. Банандын курамы E, C, B6 витаминдерине бай. Ал витаминдер нервди, кандагы глюкозаны жана кычкылдануу балансын сактап турат. Көбүнчө ашыкча салмактан арылууда жана стресс учурунда колдонсо болот.

Банандын жегенден соң, табитиңиз ачылып, ар дайым сергек жүрөсүз.

Курамындагы калий мээге, жүрөккө жана сөөк муундарына жакшы таасирин берет.

Күнүнө бир даана банан жеп, организмди 400 килокалорий калий менен толуктай алабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан