Бишкек-Кишинёв-Франкфурт транзиттик аба каттамын ишке киргизүү боюнча келишим түзүлдү

Бишкек-Кишинёв-Франкфурт транзиттик аба каттамын ишке киргизүү боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу “Манас” Эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирет.

Бишкек-Кишинёв-Франкфурт аба каттамын ишке киргизүү боюнча келишим “Манас” Эл аралык аэропортунун вице-президенти Даир Токобаевдин Молдова Республикасына жасаган иш сапарынын жыйынтыгында түзүлгөн. 2013-жылдын 23-ноябрында Даир Токобаев менен Молдова Республикасындагы «Avia Invest» компаниясынын жетекчилери эки тараптуу кызматташуу тууралуу документке кол коюшкан. Бул документ эки аэропорттун өнүгүүсү үчүн мыкты шарттарды түзүүгө жол ачат. Анын алгачкы жемиши катары Бишкек-Кишинёв-Франкфурт аба каттамын ишке киргизүү эсептелет.
Даир Токобаевдин айтымында, “Бишкек-Кишинёв-Франкфурт аба каттамы - “Манас” Эл аралык аэропортунун инвестициялык блогу тарабынан бир нече убакыттан бери иштелип келген долбоорлордун бири. Бул долбоорду ишке киргизүү үчүн учурда “Air Moldova” авиакомпаниясы менен «Avia Invest» компанияларынын адистери тиешелүү аракеттерди көрүшүүдө.
Бишкек-Кишинёв-Франкфурт аба каттамы боюнча учак жумасына бир ирет учуп, жүргүнчүлөрдүн саны апта сайын 2000ге жакын болору кабарланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан