Мамлекеттик Думанын депутаты Зеленськийге өзүн "Азовсталь" заводундагы аскерлерге алмаштырууну сунуштады

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Крым облусунан шайланган депутаты Михаил Шеремет Украинанын президенти Володимир Зеленськийге кайрылып, өзүн Мариуполь шаарында жайгашкан "Азовсталь" заводундагы аскерлерге алмаштырууну сунуштады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Анын айтымында, Зеленськийдин мунун менен чыныгы эркектик ишке барган болот.

"Украинанын президенти Зеленський өзүн «Азовсталь» заводунда турган украиналык аскерлерге алмаштырса болот. Мындай кадамга барса ал биринчи жолу эркекче иш жасаган болот", - деген Шеремет.

Ал белгилегендей, учурда Зеленський үй-бүлөсүн чет өлкөдө жашырып коюп, башкалардын үй-бүлөсүн согушка түртүп жатат.

"Ал «Азовсталь» заводунда чет элдик жалданма аскерлер бар болгондуктан гана тынчсызданып жатат. Зеленський үчүн алардын өмүрү украин аскерлеринин өмүрүнөн кымбат", - деп кошумчалаган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан