Бүгүн, 27-ноябрда парламентте депутат Мыктыбек Абдылдаевдин “Ата Журт” фракциясынын лидери болуп шайланганы расмий түрдө жарыяланды. Аны депутат Курмантай Абдиев билдирди. Айта кетсек, алгач бул фракцияны Садыр Жапаров жетектеген. Ал мандатынан ажыратылгандан кийин фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу болуп Улукбек Кочкоров дайындалган болчу.