Кыргызстанда 14,67 миллион гектар аянт аңчылык кылуу үчүн пайдаланылат

Бишкекте 27-ноябрдагы аң уулоо чарбасы жана Кыргызстандын мергенчилеринин отурумунда Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин алдындагы Аңчылык департаментинин директорунун орун басары Алмаз Мусаев “Кыргызстанда 14,67 миллион гектар аянт аңчылык кылуу үчүн түзүлгөн” деп билдирди. 
Алардын ичинен 7,7 миллион гектар аянт мамлекеттик органдар тарабынан каралса, 6,97 миллион гектар аянт жеке менчик жана коомдук бирикмелердин карамагында. Көрсөтүлгөн территорияда 3 мамлекеттик, 9 коомдук жана 52 аңчылык кылуучу топ иш алып барып, коруу, биотехнология жана аң уулоо чарбасына байланыштуу иш-чараларды өткөрүшөт. 
“Бул аймактарда коруу ишин 236 адам аткарат. Алардын 99у департаменттин кызматкерлери. Кыргызстандын 6 облусунда 8 аңчылардын жана балыкчылардын бирикмеси иштейт”,- деди Мусаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан